Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:06

Сокулукта эки жаштагы наристени сабаган киши беш жылга кесилди


Сокулук райондук соту эки жаштагы Егорду сабоого айыпталып жаткан Александр Самаркинди беш жылга эркинен ажыратты. Бул маалыматты Чүй облустук сотунун басма сөз кызматы "Азатыкка" ырастады.

Буга чейин жабырлануучу тарап материалдык жана моралдык чыгым үчүн 132 миң сом төлөп берүүнү талап кылган. Сот бул өтүнүчтү караган эмес, арыз ээсине жарандык сот иштери боюнча кайра арыз тапшырса болорун билдирди.

3-февралда Сокулук райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө наристе колу-буту күйүп, бети-башы, денеси көгала жана жыныс органы кесилген абалда түшкөн. Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, баланы сабоого шектүү катары 34 жаштагы адам кармалган. 7-февралда Егор Бишкектин №3 балдар ооруканасына которулган.

Бул окуядан кийин Кыргызстанда балдардын укугун коргоо боюнча бир айлык жарыяланган. Кийин наристени чоң энеси багып жатканы белгилүү болгон. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG