Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:41

Улуу Британия өз валютасын Орусияга накталай ташууга тыюу салды


Улуу Британиянын улуттук валютасы – фунт стерлинг.
Улуу Британиянын улуттук валютасы – фунт стерлинг.

Улуу Британия Орусиянын Украинага кол салганына байланыштуу Москвага каршы киргизилип жаткан санкцияларын кеңейтти. Жаңы чектөөлөрдүн арасында британ улуттук валютасы – фунт стерлингди ал жакка накталай ташууга тыюу салуу да каралды.

Мындан сырткары орусиялыктарга техникалык жардам берүү, финансылык жана брокердик кызмат көрсөтүү, “кара тизмеге” кирген товарларды Орусияга экспорттоого чектөө кирди.

Экспортёрлорго ал жакка жөнөтүүгө болбойт деп аталган товарлардын тизмесине деңизде жүк ташуу, мунай казуу жана башка бир катар өндүрүш тармагындагы технологиялык товарлар да кирди. Орусияга авиациялык күйүүчү май экспорттоо жана Орусиядан темир менен болотту импорттоого да тыюу салынганы өзүнчө белгиленди.

АКШ доллар банкнотторун, Европа Биримдиги евро банкнотторун Орусияга ташууга тыюу салган. Би-Би-Синин орус кызматы кабарлагандай, Орусиянын Борбордук банкы былтыркы жылы өлкөгө накталай 16 млрд. доллар, 8,1 млрд. евро алып кирген. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG