Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:13

ЖК регламент жөнүндө мыйзам долбоорун кийинки аптада карайт


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Парламент “Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндөгү” мыйзам долбоорун кийинки аптада карамай болду. 23-июндун күн тартибине киргизилген бул мыйзам долбоору депутаттардын саны аз болгондугуна байланыштуу бүгүн каралбай калды.

Буга чейин мыйзамдын долбоору парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитетинде каралган. Анда эл өкүлдөрүнүн добуш берүүсүндө Face ID жана Touch ID технологияларын киргизүү сунушталып жатканы айтылган.

Парламенттин иштөө регламентин талкуулаган жыйында депутат Арсланбек Малиев добуш берүүдө “макул”, “каршы” менен кошо “калыс” позициясын киргизүүнү сунуштаган.

Жогорку Кеңештин 22-июндагы жыйынында "Кыргызстандагы оюн-зоок иши жөнүндө" жана "Оюн-зоок ишинин маселелери боюнча айрым актыларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбооруна добуш берүү үзгүлтүккө учурап, жыйынга танапис жарыяланды.

Аталган мыйзам долбоору экинчи-үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлүп, каттоодон өткөн 74 депутаттын алтоо каршы же макул деген добуш берген эмес. Алты депутат мыйзам долбоорун өткөрбөө үчүн ушундай кадамга барганын белгиледи. Жыйын учурунда буга чейин мындай кырдаал жаралбаганы айтылып, регламент мыйзамын кароодо бул учурду да эске алуу сунушталды. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG