Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:50

"Kумтөр Голд Компани” карьердеги жарака боюнча маалымат берди


Кумтөр алтын кениндеги “Борбордук” карьер. Архивдик сүрөт.
Кумтөр алтын кениндеги “Борбордук” карьер. Архивдик сүрөт.

“Kумтөр Голд Компани” ишканасы кен казылган карьердеги жарака боюнча маалымат таратты. Анда абалды изилдөөгө жергиликтүү жана эл аралык эксперттер тартылганы, геологдор карьерге тынымсыз көзөмөл жүргүзүп жатканы белгиленген.

"Айдоочулар биз дайыма аларды көзөмөлдөп турарыбызга ишенишет. Биз алардын коопсуздугуна 24 саат бою көз салып турабыз. Бизде көзөмөлдөөнүн эки системасы иштейт - радарлар жана спутник", - деди ишкананын инженеринин орун басары Руслан Маматкулов. Ал гелогдор ар бир таштын жылганын көзөмөлдөп турарын жана кооптонууга негиз жок экенин айткан.

Инженердик бөлүмдүн башкы геотехниги Азам Жумабаев карьерге коюлган үч георадар бардык өзгөрүштөрдү көрсөтүп турарын айтып, жарака аба ырайына байланыштуу чоңойгонун, азыр кичирейип баратканын билдирген. Карьердин ичинде үч миңдей көзөмөл жүргүзүүчү пункт бар экени да маалыматта айтылат.

Ишкана кабарлагандай, Кыргызстандагы кен маселелери боюнча эксперттер коомунун президентти Ишимбай Чунуев соңку үч жылдагы аба ырайына анализ жасаган. Анда 2022-жылдын апрель-май айларында жамгыр адаттагыдан эки эсе көп жааганы аныкталган.

Буга чейин Кумтөр алтын кенинин “Борбордук” карьеринин чыгыш жана түндүк-чыгыш тарабынан жер кыртышынын жылышы тездегени белгилүү болгон.

Анын себептерин иликтеп чыгыш үчүн 18-майда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мекемелер аралык комиссия түзүп, ага геолог, илимий ишмерлерден турган 11 адис кирген. Коопсуздук үчүн ал аймакта иштеп жаткан кызматкерлерди чыгарып кетип, жумуш токтотулган.

Канадалык “Центерра Голд” башкарып келген Кумтөргө кыргыз өкмөтү 2021-жылы май айында тышкы башкаруу киргизген.

Кумтөр алтын кени деңиз деңгээлинен төрт миң метр бийиктикте жайгашкан. Андан кен казган “Кумтөр Голд Компаниде” төрт миңден ашуун кызматкер иштейт.(КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG