Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:45

Түркмөнстанда аялдардын айдоочулук күбөлүгү алына баштады


Түркмөнстандагы шаарлардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Түркмөнстандагы шаарлардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Түркмөнстандын Балкан облусундагы Түркмөнбашы шаарында Жол көзөмөл полициясы аял айдоочуларга карата текшерүүлөрүн күчөттү. Жол коопсуздугун камсыздоочу инспекторлор автоунаа айдап бараткан аялдарды токтотуп, ар кандай шылтоолор менен алардын айдоочулук күбөлүктөрүн алып жатат.

Балкан облусундагы бир нече аял айдоочулар “Азаттыктын” түркмөн кызматына анонимдүү негизде кайрылып, алардын машинелери айып короосуна коюлуп жатканын маалымдашты.

Аялдардын тобу Түркмөнбашы шаарынын администрациясынын жетекчилигине даттанышкан учурда, андагы аткаминерлер “аялдарга автоунаа айдоонун зарылчылыгы жок экенин” айтышкан.

Түркмөнстандын Конституциясында “аялдар менен эркектер бирдей укукка ээ экени” жазылган. Иш жүзүндө өлкөдө бир нече жылдан бери аялдардын укуктары, анын ичинде автоунаа айдоо укугу бузулуп келет.

Түркмөнстанда мартта бийликке мурдагы президент Гурбангулы Бердымухаммедовдун уулу Сердар Бердымухамедов келгенден кийин түркмөн жарандарына, айрыкча аялдардын тышкы келбетине көзөмөл күчөдү. Жакында өлкөдө айрым косметикалык операцияларга, маселен, төштүн пластикасына же татуажга тыюу салынган. Көчөдө жасалма тырмак жана кирпик чаптап алгандарды кармоо учурлары көбөйгөнү кабарланууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG