Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:29

Америкалык HIMARS системалары Украинага келип түштү


Американын HIMARS жапырт аткылоочу реактивдүү системалары.
Американын HIMARS жапырт аткылоочу реактивдүү системалары.

АКШ жөнөткөн HIMARS жапырт аткылоочу реактивдүү системалары Украинага келип түштү. Бул тууралуу Украинанын коргоо министри Алексей Резников Твиттердеги баракчасында кабарлап, америкалык кесиптеши Ллойд Остинге ыраазычылык билдирди.

Украина Орусиянын агрессиясына каршы туруу үчүн оор артиллериялык курал-жаракка муктаж экенин билдирип келет. Мурдараак АКШнын президенти Жо Байден алгач HIMARS системаларын Киевге берүүдөн баш тарткан. Вашингтон кийин буга макулдук берип, украин бийлиги бул куралды Орусиянын аймагына сокку уруу үчүн колдонбоо убадасын бергенин жарыялаган.

Украиналыктар 300 чакырымга чейин атылчу курал сураган. HIMARS системалары ушул аралыкка чейин ата алат, бирок 80 чакырымга чейин жогорку тактыкта бутаны жок кылат. Украиналык аскерлер аны пайдалануу боюнча окутуудан өтүштү.

Кошмо Штаттардын Коргоо министрлиги Киевге төрт HIMARS системасын жөнөткөнүн билдирген. Дагы төрт ушундай курал жөнөтүү маселеси каралууда.

Бир нече жапырт аткылоочу реактивдүү системаларды берүү убадасын мурдараак Британия менен Германия да убада кылган. Украина өтө көп артиллериялык курал сурап жатат. Аз күн алдың украин президентинин кеңешчилеринин бири Михаил Подоляк фронтто Орусия менен тең келүү үчүн аларга бир нече миң оор техника, анын ичинде 300 реактивдүү система керек экенин айткан. (ErN)

XS
SM
MD
LG