Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:12

Темировдун сотунда жашыруун материал менен таанышууга жарым-жартылай уруксат берилди


Журналист Болот Темировдун соту. 24-июнь 2022
Журналист Болот Темировдун соту. 24-июнь 2022

Бүгүн 24-июнда Бишкектин Свердлов райондук сотунда иликтөөчү журналист Болот Темировго козголгон ишти кароо уланууда. Анда судья Акылбек Адимовго ишенбөөчүлүк көрсөтүлүп, сот аны канааттандырган жок. Соттук териштирүү кайра уланды.

Буга чейин жактоочулар күч кызматкерлеринин көрсөтмөсүн ачыкка чыгаруу өтүнүчүн келтиришкен. Иште ал көрсөтмөлөр "жашыруун" деген статус менен сотко өткөн. Сот ал материалдар менен таанышууга жарым-жартылай уруксат берген.

Быйыл январь айында Бишкек шаардык милициясы Темировго карата Жазык кодексинин “Баңгизаттарын, психотроптук каражаттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо” беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Мунун алдында Болот Темировдун Temirov LIVE деп аталган YouTube каналы “Эки күндө 37 млн. сомду кантип тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы” деген темада иликтөө жарыялаган.

20-апрелде Болот Темировго карата Жазык кодексинин “Документ жасалмалоо”, “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” боюнча дагы эки кылмыш иши козголгону белгилүү болгон.

Журналистке баш-аягы төрт иш ачылып, бир өндүрүшкө бириктирилген. Болот Темиров муну кесиптик ишмердигине тоскоолдук катары мүнөздөгөн. Күч органдары бул дооматтарды четке каккан.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК), Ички иштер министрлиги (ИИМ) журналистке бут тосуу болуп жатканын четке каккан. Президенттин басма сөз кызматы бийлик иликтөөчү журналисттерге колдоо көрсөтөрүн билдирген. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG