Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:39

Ишкерлер үчүн бирдиктүү реестрде 160тай уруксат документи бар


Ишкерлер башкы тоскоолдуктардын бири тиешелүү уруксат кагаздарын убагында, машакатсыз чогултуу экенин айтып келишкен.
Ишкерлер башкы тоскоолдуктардын бири тиешелүү уруксат кагаздарын убагында, машакатсыз чогултуу экенин айтып келишкен.

Бүгүн, 24-июнда Бишкекте ишкерликке керектүү уруксат кагаздарынын бирдиктүү реестри ачылганы тууралуу маалымат берилди. Экономика жана коммерция министрлигинин бидиришинче, бул маалымат порталында учурда 160тай документ бар жана дагы кошумчаланып, толукталат.

Реестр ишкерлерге жана инвесторлорго бизнес жүргүзүүдө талап кылынган бардык уруксат берүүчү документтер тууралуу маалыматты камтыйт жана убакытты кыскартуу, ыкчам маалымат алуу максатында түзүлгөнүн билдирген.

Кыргызстанда ишкерлер башкы тоскоолдуктардын негизгиси катары тиешелүү уруксат кагаздарын убагында чогултуу, андагы бюрократиялык жана коррупциялык жагдайлар, түйшүк-машакаттын көптүгүн айтып келишкен.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG