Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:40

Салык кызматы кассалык чектердин алгачкы лотереясын 1-июлда ойнотот


Кыргызстанда бир катар соодагерлер ККМнын киргизилишине каршы чыгып жатат.
Кыргызстанда бир катар соодагерлер ККМнын киргизилишине каршы чыгып жатат.

Салык кызматы лотерея ойноттуу 1-июлда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында өтөрүн, иш-чара концерттик программа менен коштолорун билдирди.

Аталган мекеме көзөмөл-кассалык аппараттарды (ККМ) колдонууну жайылтуу максатында 10-майдан тартып кассалык чектер менен лотерея ойнотуларын, баалуу сыйлыктар берилерин билдирген.

Кыргызстанда бир катар соодагерлер ККМнын киргизилишине каршы чыгууда. Бишкекте 24-июнда ушундай эле талап менен зер буюмдарын саткан соодагерлер нааразылык акциясына чыкты.

Өткөн аптада Бишкекте ККМди киргизүүгө нааразы соодагерлер өкмөт үйүнүн алдына чогулган. Алар ККМ колдонсо товарын кымбаттатууга мажбур болорун айтышкан.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров нааразы болгондор менен жолугушууда бул аппараты колдонуу убактылуу токтотуларын, митингге чыккандардын өкүлдөрү менен маселени чечүүнүн жолун караштырып чыгарын айткан. ККМ менен эсеп-фактура чоң ишканалар үчүн жокко чыгарылбай турганын белгилеген.

Жаңы Салык кодексине ылайык, өлкө аймагындагы соода-сатык, жумуш аткаруу, тейлөө субъектилери накталай жана накталай эмес эсептешүүдө милдеттүү түрдө ККМ колдонушу керек. Мындай талап 1-августтан тартып коюла баштайт.

Апта башында Салык кызматы соңку күндөрү көзөмөл-кассалык аппаратка (ККМ) байланыштуу жарандардын даттануусу көбөйгөнүн билдирген.

Мекеме тараткан маалыматта "салык органдарына жарандардан айрым соода түйүндөрүнөн товар сатып алууда же кызматтарды пайдаланууда кассалык чек берүүнү токтоткону жөнүндө даттануулар түшө баштады. Алардын айтымында, ККМди колдонуу жокко чыгарылды деген жүйө менен кассалык чек берүүнү токтотушууда. Ушундан улам Салык кызматы ККМди колдонуу жокко чыгарылбаганын жана ККМди колдонууга милдеттүү болгон бардык ишкерлер сатып алуучуларга/керектөөчүлөргө кассалык чек бериши керектигин билдирет. Мындан тышкары, чек талап кылганга чейин сатып алуучунун колуна берилиши керек", - деп жазылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG