Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:37

Таласта төкмө акындардын республикалык айтышы башталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Талас шаарындагы музыкалык мектепте КРнын эмгек сиңирген артисти, төкмө акын Абдылда Нуралиевдин 60 жылдыгына арналган республикалык айтыш башталды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Улуттук "Манас" театрынын директору Азиз Биймырза уулу билдирди.

Эки күндүк айтышта 12 акын ат салышууда. Жарыштын экинчи күнү Кара-Буура районундагы Көк-Сай айылынын Кочкор-Ата жайлоосунда өтөт.

Байге фонду 700 миң сомдук айтышты Маданият министрлиги, Талас облустук акимчилиги, Улуттук "Манас" театры жана "Айтыш" коомдук фонду уюштуруп жатат. Бишкекте өткөн тандоо туруна жалпы 38 акын катышкан.

Абдылда Нуралиев Манас районунун Арал айылында туулган. 1978-жылы Арал айылындагы орто мектепти аяктаган.

Нуралиев СССРдин Эл артисти Эстебес Турсуналиевден сабак алып, Кыргызстандагы жана Казахстандагы айтыштарда баш байгелерге ээ болгон. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG