Бүгүн 25-июнда Украинанын бир нече облусу аткылоого кабылды. Жергиликтүү бийлик органдарынын маалыматына караганда, орус аскерлеринин ракеталык аткылоосунан Житомир, Львов, Чернигов жана Днепропетровск облустарындагы айрым объекттер талкаланды.
Северодонецк шаарындагы “Азот” заводунун аймагында жайкын тургундар гана калганын, украин аскерлери ал жактан чыгып кетүүгө үлгүргөнүн бүгүн 25-июнда шаар мэри Александр Стрюк билдирди. Анын айтымында, орус аскерлери украин жоокерлерин курчоого ала алган жок, алар ыңгайлуураак позицияларга которулушту.
Бир канча күндөн берки айыгышкан салгылашууга карабастан "Азот" заводу орус күчтөрүнүн көзөмөлүнө толук өткөнү 24-июнда белгилүү болгон.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Валерий Залужныйдын айтымында, америкалык HIMARS реактивдүү системалары согуш талаасында колдонула баштады. Өлкөнүн расмий өкүлдөрү мындай техникадан алгачкы төртөө барганын билдирүүдө.
Кошмо Штаттар аскердик курал техникасынын бул түрүн Украинага жөнөтүү маселесин көпкө талкуулаган. Украиндер мындай системадан жүздөгөнү керек болуп жатканын айтууда. Америкалык адистер Украина бул система менен Орусиянын аймагына ракета учурбайт, техника орустардын колуна өтүп кетпейт деген кепилдик керек экенин билдирип жатышат. (RK)
Facebook шеринеси