Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:29

Президент Жапаров Атамбаевдин абактагы шарты жөнүндө айтты


Алмазбек Атамбаев. Архивдик сүрөт.
Алмазбек Атамбаев. Архивдик сүрөт.

Президент Садыр Жапаров бийликке келери менен абакта жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге бардык шарттарды түздүрүп бергенин бүгүн 25-июнда “Кабар” маалымат агенттигине курган маегинде билдирди.

“Мен 47-колонияга котортуп, ээн-эркин басып турсун дегем. Бүгүнкү күнгө чейин каалагандай жашап келе жатат. Үй-бүлөсү, тааныш-билиштери, керек болсо, журналисттер кенен-кесири кирип-чыгып жүрүшөт” деп айтып, өзү тууралуу “Мен камакта жатканда мунун бири жок болчу” деп кошумчалады.

Жапаров “Атамбаев тобо деш керек” деп белгилеп, “Бардык сот процесстери бүтсүн, анан чечим кабыл алабыз” деп айтты, бирок кандай чечим тууралуу сөз болуп жатканын чечмелеген жок.

Ошону менен катар ал Атамбаевге “тынч олтуруп туруу” кеңешин берип, “Дагы адашып кетип үстөккө-босток кылмыш иштерин башына үйүп албасын” деп эскертти.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаев 2019-жылы "Батукаев иши" боюнча Кой-Таштагы үйүндө кармалып, камакка алынган. Кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу ал 2020-жылы 11 жылга эркинен ажыратылган жана мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыккан. Бул өкүмдү Жогорку сот быйыл март айында күчүндө калтырган.

“Батукаев ишинен” тышкары Атамбаев “Кой-Таш иши” (аны колго түшүрүү операциясында бир офицер каза болуп, 175 адам жараат алган), 2020-жылдын октябрындагы Бишкектеги башаламандыктар, кылмыштуу жол менен алынган кирешени адалдаштыруу, Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу жемкорлук, борбор калаанын Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушуна бөлүнгөн акчадан уурдоо, паспортторду мыйзамсыз жазып берүү иштери боюнча да айыпталып жатканын Бишкектин Биринчи Май райондук соту билдирген. Быйыл 16-июнда аталган сотто мектептин курулушу жана паспорт берүү иштери боюнча актаган чечим чыккан.

Атамбаев өзү бул айыптоолорду саясий куугунтук катары баалап келет.

Бийлик жана укук тартибин коргоо органдары Атамбаевге карата куугунтук жок экенин, соттук териштирүүлөр мыйзам чегинде жүрүп жатканын айтууда.

Алгач УКМКнын тергөө абагында, кийин Бишкектеги №47 колонияда кармалып келген мурдагы башчы быйыл апрелдин башында Чүйдүн Молдовановка айылындагы №27 колонияга которулган. Апрелде ал Улуттук кардиология жана терапия борборуна жаткырылып, дарыланып чыкты.

Садыр Жапаров Атамбаев бийликте турганда, 2012-жылы «бийликти басып алуу», 2017-жылы «облус башчысын барымтага алууну уюштуруу» деген айыптар боюнча кармалып, 11 жылга эркинен ажыратылган. Ал түрмөдөн 2020-жылы бийлик алмашкандагы башаламандык учурунда чыккан. 2021-жылы январда өткөн президенттик шайлоодо Жапаров добуштардын 79% алып, мамлекет башчысы болуп шайланган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG