27-июнда түнкүсүн Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоолорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 17...22, күндүз 33…38;
Талас жергесинде түнкүсүн 16...21, күндүз 30…35;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 19…24, күндүз 35…40;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11...16, күндүз 25...30;
Нарын облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 26…31;
Бийик тоолордо түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17 градус.
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 20…22, күндүз 35…37 градус болот.