Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:41

Bloomberg: Орусия тышкы карыз боюнча дефолтко жеткирди


Bloomberg кабарлаганына караганда, 27-июнга караган түнү Орусия чет өлкөлүк валюта боюнча карызын төлөй албай калды. Агенттик бул – 1918-жылдан берки биринчи дефолт экенин белгилейт. Москва дефолтко жеткиргенин танууда.

Жекшембиде мамлекеттик облигациялар боюнча 100 миллиондой доллар төлөмдү кайтаруунун жеңилдетилген мөөнөтү соңуна чыккан. Bloomberg бул - дефолт болуп эсептелерин, бирок азырынча символикалык гана мааниге ээ экенин белгилейт. Маалыматка ылайык, өлкө Борбордук банктын валюта резервдерин пайдалана албайт, ал эми ири банктары дүйнөлүк системадан ажыратылган.

Орусиянын финансы министри Антон Силуанов “дефолт” деген терминди колдонуу күлкүлүү деп комментарийледи.

Москва карыздарын төлөөгө каражат бар деп айтып келет. Өткөн аптада орус бийлиги карызын рубль менен жабарын билдирген.

Орус Финансы министрлиги 12 миллиард рубль евробонддор боюнча төлөмдү Улуттук депозитарийге которгонун маалымдаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG