Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:42

Жорж Оруэллдин “1984” романы кыргыз тилине которулду


“1984” романы.
“1984” романы.

Белгилүү англис жазуучусу жана публицист Жорж Оруэллдин “1984” романы кыргыз тилинде жарык көрдү. Китепти англис тилинен Адамата Алишеров которуп, “Китепстан” басма үйү чыгарды.

Китеп 25-июнда Жорж Оруэллдин туулган күнүндө жарык көрдү.

“1984” - антиутопия жанрындагы негизги китептердин бири. Чыгарма тоталитардык режимде, катаал диктатурада жашаган Океания өлкөсү жөнүндө жазылган. Бул өлкөдө ар бир жарандын бардык кыймыл-аракети, ар бир ою Улуу аганын көзөмөлүндө болгон. Анда система менен күрөшүүгө батынган партия кызматкеринин окуясы баяндалат.

Роман 1949-жылы жазылган. Буга чейин Жорж Оруэллдин “Айбан чарба” чыгармасы да кыргыз тилине оодарылган. (NbA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG