Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:28

Иран "Зулжана" ракета ташуучусун экинчи жолу сынады


"Сафир Омид" ракетасы. Иллюстрациялык сүрөт
"Сафир Омид" ракетасы. Иллюстрациялык сүрөт

Иран "Зулжана" деген космостук ракета ташуучусун экинчи жолу сынады. Мамлекеттик телеканал 26-июнда ракета учурулуп жаткан кадрларды көргөздү. Ислам жумуриятынын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Ахмад Хосейни 25,5 метрлик ракета Жердин орбитасынан маалымат чогултууга кудуреттүү экенин жана бул – өлкөнүн космос тармагын өнүктүрүүгө салым кошорун билдирди.

Ракета качан учурулганы белгисиз. Айдын башында Хосейни буга чейинкиге кошумча дагы эки сыноо жүргүзүү пландаганын айткан.

Ак Үй Тегерандын билдирүүсүнөн кабардар экенин айтып, бул кадамды “дестабилдештирүүчү” деп атады.

Өткөн ишембиде Еврошаркеттин тышкы саясатынын жетекчиси Жозеп Боррел Иран менен 2015-жылы түзүлгөн өзөктүк келишимин калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүүлөр жакынкы арада уланарын билдирген.

“Биз сүйлөшүүлөрдү жакынкы арада кайрадан баштап, туңгуюктан чыгууну көздөп жатабыз”, - деди ал 25-июнда Тегеранда Ирандын тышкы иштер министри Хосcейн Амир Абдоллахиян менен бирге өткөргөн пресс-конференцияда.

Иран министри жолугушуу “узак, бирок позитивдүү” болгонун белгилеп, Тегеран дүйнөлүк державалар менен сүйлөшүүлөрдү кайра улантууга даяр экенин, 2015-жылдагы келишимден толук экономикалык пайда көрүү өлкө үчүн маанилүү экенин айтты.

2015-жылы Иран, Кытай, Орусия, Германия, Франция, АКШ жана Британия менен өзөктүк келишимге жетишип, өзүнүн өзөктүк программасын чектемек. Бул үчүн Ислам жумуриятына салынган санкциялар акырындык менен алынмак.

2018-жылы АКШнын ошол кездеги президенти Доналд Трамп өзөктүк келишимден чыгып кеткен. Натыйжада жазалоочу чаралар кайрадан киргизиле баштаган. Иран анын артынан өз милдеттемелерин аткаруудан баш тарткан.

АКШнын мамлекет башчысы Жо Байден Иран шарттарга баш ийсе, документке кайтууга кызыкдар экенин билдирген. Бул максаттагы көп тараптуу сүйлөшүүлөрдө алга жылуу байкалганы айтылганы менен, айрым маселелер боюнча мунаса табыла элек.

Батыш Иран өзөктүк куралдын үстүнөн тымызын иштеп жатканын, Тегеран программасы тынчтык максаттарын гана көздөй турганын билдирип келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG