Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:05

Мектепке электрондук каттоонун экинчи айлампасы башталды


Бүгүн, 27-июндан тартып өлкөдө мектептерге окуучуларды электрондук каттоонун экинчи айлампасы башталды. Ага ылайык, ата-энелер эми кайсы аймакта катталганына карабай, балдарын бош оруну бар мектепке каттай алат.

Каттоонун экинчи айлампасы 10-сентябрга чейин уланат. Электрондук арыздын кабыл алынганы тууралуу билдирүү келгенден кийин, ата-энелер керектүү документтердин түп нускасын мектептин директоруна тапшырышы керек.

Электрондук каттоонун биринчи айлампасында балдар катталган жериндеги мектепке гана кезекке турушу керек болгон. Бул этапта биринчи класска бара турган 73 миңден ашык бала каттоодон өткөн.

Өлкө боюнча мектептерге кабыл алуу үчүн дагы 86 миңдей орун бош турат.

Бишкек шаарында электрондук кезекке каттоонун биринчи айлампасында 5 миң бала катталып, дагы 12 мин орун бош турат.

Кыргызстанда, айрыкча Бишкекте бала бакча жана мектепке муктаждык жогору. Буга чейин мектеп жашына чейинки балдардын дээрлик 50% бала бакчага барбай турганы статистикалык маалыматта айтылган.

Бала бакчага орноштуруудагы коррупцияны жоюу максатында өкмөт 2014-жылы Бишкек, Ош жана Жалал-Абадда пилоттук долбоор баштап, электрондук кезекке туруу системасын ишке киргизген. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG