Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:42

Аба ырайы: күн ысык болот


"Кыргызгидромет" кабарлагандай, 27-30-июнда күн ысыйт. Абанын күндүзгү температурасы Чүй облусунун өрөөнүндө 36…38°ка чейин, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө 38…40°ка чейин жетет.

28-июнда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 18...23, күндүз 32...37,

Талас облусунда түнкүсүн 16...21, күндүз 31...36,

Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 19...24, күндүз 33...38,

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн 11...16, күндүз 23...28,

Нарындын өрөөндөрүндө түнкүсүн 8...13, күндүз 23...28,

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 21…23, күндүз 35…37 градуска жетет.

Чолпон-Ата шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 14…16°, күндүз 25…27° градус болот. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG