Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:07

ЖРТдан 57 окуучу эң жогорку балл алды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда быйыл жалпы республикалык тестирлөөдө 57 окуучу эң жогорку балл топтоп, алтын сертификат алды. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, эң көп баллды Бишкек шаарындагы №70 гимназия мектебинин бүтүрүүчүсү алды – 235 балл.

235тен 221ге чейин упай топтогондор Бишкекте 35, Ош облусунда жети, Ысык-Көлдө беш, Чүйдө төрт, Баткенде үч, Нарында эки жана Жалал-Абад облусунда бир окуучу. Бишкектен башка аймактардын эч биринде алтын сертификат алган бүтүрүүчүлөр онго жеткен жок.

Министрлик 24-25-июнда өткөн жалпы республикалык тестирлөөнүн III этабынын жыйынтыгы менен бул тизме толукталышы мүмкүн экенин билдирди. Тестирлөөнүн негизги этабы 24-28-майда өткөн.

Быйыл “Алтын Тамга” сынагына катышкан 2232 талапкердин ичинен 80 бүтүрүүчү артыкчылык аттестат алып, алардын саны өткөн жылдарга салыштырмалуу бир топ аз болгон. 2022-жылы Кыргызстан боюнча 68 миң окуучу мектепти аяктады. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG