Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:33

Зеленский согуш кышка чейин аякташы керектигин билдирди


Зеленский "Чоң Жетинин" жумуш сессиясына катышууда. 27-июнь 2022-жыл
Зеленский "Чоң Жетинин" жумуш сессиясына катышууда. 27-июнь 2022-жыл

Президент Владимир Зеленский «Чоң Жетинин” лидерлерине кайрылып, Орусиянын кол салуусуна жыл аягына чейин чекит коюу үчүн бар аракетти көрүүгө үндөдү. Зеленский 27-июндагы видео кайрылуусунда кыштын келиши менен армияга максаттарына жетүү кыйын болорун белгиледи. Президенттин сөздөрүн дипломаттарга шилтеме берүү менен бир катар дүйнөлүк маалымат каражаттары жазышууда.

Зеленский ошондой эле учактардан коргонуу системалары менен камсыз кылууга жана Орусияга көбүрөөк санкция салууга, ал өлкөгө кысымды жеңилдетпөөгө чакырды.

Украин президенти данды экспортоого, өлкөнү кайра курууга жардам сурады.

Вашингтон АКШ жана “Чоң Жетинин” калган мүчөлөрү Украинага колдоо көрсөтүү жана Москвага каршы кошумча жазалоочу чараларды киргизүү жаатында чара көрүүнү караштырганын ушул эле күнү билдирген.

Ак Үй жүздөгөн кишиге жана мекемеге, компанияга санкция салынарын белгиледи.

“Чоң жетиге” Британия, Германия, Италия, Канада, Франция, Япония жана АКШ кирет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG