Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:33

НАТО ыкчам күчтөрүн 300 миң аскерге жеткирет


Йенс Столтенберг. Брюссель, 15-июнь 2022-жыл
Йенс Столтенберг. Брюссель, 15-июнь 2022-жыл

27-июнда НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Орусиянын Украинага басып киргенине байланыштуу альянс ыкчам аракет көрүүчү күчтөрүн 300 миң жоокерден ашыра турганын билдирди. Баш катчы блок чыгыш флангдагы аскерлерин күчтөндүрөрүн Мадриддеги саммит алдында белгиледи. Азыркы тапта НАТОнун ыкчам аракеттенүүчү күчтөрү 40 миң жоокерден турат.

28-29-июнда өтүүчү саммитте Москваны “стратегиялык өнөктөш” деп атаган аныктама өзгөртүлмөкчү. Мындай чечим 2010-жылы кабыл алынган.

Столтенбергдин айтымында, стратегиялык концепциядан ал сөздөрдү алуу Мадридде макулдашылмакчы.

“Орусия коопсуздугубузга, баалулуктарыбызга, мыйзам үстөмдүгү өкүм сүргөн эл аралык тартипке түздөн-түз коркунуч жаратарын бардык мүчө-мамлекеттер так айтышат деп күтөм”, - деди Столтенберг.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG