Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:38

Президент Нарындын жолу кийинки жылы оңдолорун билдирди


Жумгал-Кочкор жолу. Архив сүрөт.
Жумгал-Кочкор жолу. Архив сүрөт.

Президент Садыр Жапаров Нарындын Солтон-Сары өрөөнүндө жергиликтүү эл менен жолугуп, кийинки жылы бул аймактагы жолдорду оңдотууга көңүл буруларын убада кылды. Мамлекеттик ЭЛТР каналы көрсөткөн видеодо президент бул жылы чек арада зарыл деп саналган Баткен, Жалал-Абад облустарындагы жолдор бүткөрүлүп жатканын айткан.

“Эмдиги жылы бардык ресурсту Нарын облусуна бурам. Ысык-Көлдө жол салынып жатат. Түштүк жагынан Барскоонго чейин баратат. Анын суммасы 150 млн. доллардын тегерегинде болду”, - деди президент.

Мамлекет башчы Нарындын кайсы жолдору оңдолуп баштаарын тактаган жок. Нарында Жумгал-Кочкор жолу начар болгондуктан бир нече жолу жергиликтүү тургундар нааразычылык акциясына чыгышкан.

Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолу дагы Нарын облусунун айрым аймактары аркылуу өтөт. Түндүк менен түштүктү бириктире турган Балыкчы – Кочкор – Чаек – Арал – Казарман – Жалал-Абад багытындагы 433 чакырымдык жол өлкөнүн эгемендик тарыхындагы эң ири долбоорлордун бири. (TSh)

XS
SM
MD
LG