Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:56

Октябрь окуясы боюнча айыпталуучулар суралып бүттү


2020-жылдын октябрь айындагы Бишкектин борбордук аянтындагы окуялар.
2020-жылдын октябрь айындагы Бишкектин борбордук аянтындагы окуялар.

27-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 2020-жылдагы Октябрь окуялары боюнча айыпталгандардын баары суралып бүттү. Бул тууралуу айыпталуучулардын бири, саясатчы Жеңиш Молдокматов билдирди.

2020-жылдын 4-октябрында Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Анын жыйынтыгына нааразы болгондордун митинги 6-октябрга караган түнү башаламандык менен аяктап, бийлик алмашкан.

Октябрь окуяларына байланыштуу жети саясатчыга айып тагылган. Алар: мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, анын кеңешчиси Фарид Ниязов, жансакчысы Канат Сагынбаев, Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов, “Туран” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов жана саясатчы Өмүрбек Бабанов. Бабановдун иши өзүнчө бөлүнүп тергелди.

2020-жылдын 5-6-9-октябрындагы жапырт башаламандык боюнча баштапкы соттук угуу былтыр октябрь айында башталган. Айыпталуучулар Октябрь окуясы боюнча кылмыш иши саясий иш экенин айтып келишет. (BTo)

XS
SM
MD
LG