Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:12

Ташкентте 1,9 тонна баңгизат жок кылынды


Өзбекстандын Улуттук бажы кызматы колго түшүргөн маңзаттары. Архивдик сүрөт
Өзбекстандын Улуттук бажы кызматы колго түшүргөн маңзаттары. Архивдик сүрөт

27-июнда Ташкентте Маңзаттарга каршы эл аралык күнүндө тартип коргоочулар колго түшүргөн 1,9 тонна баңгизат жок кылынды. Өзбекстандын Улуттук бажы кызматы маалымдагандай, героин, апийим, кара куурай, көкнар, психотроптук заттар журналисттердин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн көзүнчө өрттөлдү.

530 килограмм маңзаты бажычылар жүргүзгөн ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында колго түшүрүлгөн.

Өткөн жылы Өзбекстанда баңги заттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө байланышкан 7142 кылмыштын бети ачылган, 1854 килограмм наркозат алынган. Кылмышка айыпталгандар арасында 131 чет өлкөлүк жаран бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG