Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:58

Тажикстанда кыргыз-тажик чек арасы боюнча жумушчу топтор жолукту


Кыргыз-тажик чек арасы боюнча жумушчу топтор Дүйшөмбү шаарында жолукту.
Кыргыз-тажик чек арасы боюнча жумушчу топтор Дүйшөмбү шаарында жолукту.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү. Ал 21-26-июнь күндөрү Дүйшөмбү шаарында болгонун Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюлуп, кийинки отурумду Кыргызстандын аймагында өткөрүү макулдашылды. Жумушчу топтордун акыркы жолугушуусу 25-30-майда Бишкекте өткөн.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 16-апрелде Фейсбуктагы расмий баракчасына кыргыз-тажик чек арасынын 664 чакырымы такталганын жазган. 17-апрелде Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Исфара районундагы сапарында аны ырастаган.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар. Кыргыз-тажик чек арасын тактоо иштери 2002-жылы башталган. Чек ара тактала элек аймактарда утур-утур чыр чыгып, курал колдонулган окуялар болуп турат. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG