Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:43

Зеленский "Чоң жетинин" саммитине кайрылуу жасайт


Бахмут шаары. 26-июнь 2022-жыл
Бахмут шаары. 26-июнь 2022-жыл

Украинанын аскердик командачылыгы дүйшөмбүдө эртең менен билдирүү таратып, орусиялык күчтөрдүн Одесса аймагына ракеталык чабуулунан бери дегенде 6 киши, арасында бир бала жабыркаганын кабарлады. Кеп каза тапкандар тууралуубу же жараат алгандар жөнүндө болдубу, аны тактаган эмес. Ракета калк жашаган районго атылганы, турак жайлар жана дыйкан чарбалар талкаланганы айтылат.

Бир күн мурун Киев Орусия дем алыш күндөрү соккуларын күчөткөнүн билдирген. Майдан тилкесинен алыс жердеги Львов, Хмельницкий, Житомир, Чернигов, Киев, Черкасы катуу аткыланган.

Бир нече жумага созулган айыгышкан кармаштан кийин Орусия Северодонецкини өз көзөмөлүнө алууга жетишти. Бул шаар жана анын жанындагы Лисичанск урандыга айланды. Украин бийлиги ал жерлерди кайтарып аларын айтууда. Бул үчүн президент Владимир Зеленский 27-июнда "Чоң жетинин" саммитине кайрылуу жасап, көбүрөк алдыңкы оор куралдарды жөнөтүүгө чакырат деп күтүлүүдө.

Жекшембиде Зеленский курал-жарак берүүнү кечиктирүүнү “Орусияга улам-улам сокку ура бергиле деген ишарат” деп сыпаттаган.

Германияда өтүп жаткан саммиттин декларациясынын долбоорунда “Чоң жетинин” лидерлери Украинага канча керек болсо, ошончо аскердик, гуманитардык, дипломатиялык жардам берүүнү уланта берери айтылат. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги кабарлады.

“Чоң жетиге” Британия, Германия, Италия, Канада, Франция, Япония жана АКШ кирет. Быйыл жыйынга Индонезия дана Индиянын өкүлдөрү чакырылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG