Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:07

Түркия Орусияга каршы санкцияларга кошулбаган себебин түшүндүрдү


Ибраим Калын. Архивдик сүрөт
Ибраим Калын. Архивдик сүрөт

Орусияга каршы санкциялар ал өлкөгө караганда Түркияга көбүрөөк залака тийгизерин түрк президентинин өкүлү Ибраим Калын билдирди.

Ал Анкара өз кызыкчылыктарын коргоп жатканын, андыктан көптөгөн мамлекеттер салган санкцияларга кошулбаганын айтты. Саясатчы Батыш муну түшүнүү менен кабыл алганын белгиледи.

Калын Түркия чет өлкөлөрдүн энергия булактарына көз каранды экенин, андыктан “Орусия жана Иран менен мамилелерди өнүктүрүп жатканын” айтты.

Москва Украинага басып кирген 24-февралдан бери Батыш санкциялардын алты пакетин жактырган. Эмбаргого асыресе Орусиянын мунайы менен газы да кабылган.

Жакынкы арада орусиялыктардын алтынын импортоого да тыюу салуу каралууда. Британ өкмөт башчысы Борис Жонсон чектөө акыркы кездерде өз активдерин алтынга которгон орус олигархтары жана “Путиндин согуштук машинеси” үчүн чоң сокку болот деп эсептейт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG