Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:51

Ошто каналдан бир кишинин сөөгү табылды


Ош-Араван каналы. Архив
Ош-Араван каналы. Архив

Ош шаардык милициясы 1-июлда Ош-Араван каналынан дагы бир жарандын сөөгү табылганын "Азаттыкка" билдирди. Шаардык ички иштер башкармалыгы маркум Кадамжай районунун 1995-жылы туулган тургуну А. уулу Б. экенин кабарлады.

“Маркум акыркы жолу мындан бир күн мурда Ак-Буура дарыясынын жээгинен жансыз денеси табылган Ш. к А. аттуу кыз менен бирге жүргөн", - деп айтылат милициянын маалыматында.

30-июнда Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясынын жээгинен Ош мамлекеттик университетинин медициналык коллежинин 2-курсунун студентинин сөөгү табылган. Маркумдун денесинде көгала тактар болгон. Милиция кыздын зомбулукка кабылып-кабылбаганы экспертизанын жыйыныгы менен аныкталарын билдирген.

Маркумдун жакындары азырынча комментарий бере элек.

Ушул жылдын 8-февралында да Ош шаарындагы медицина факультетинде окуган студент кыздын сөөгү табылган. Шектүү катары аны менен окуу жайда чогуу окуган жигит кармалган.(JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG