Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:08

“Эмгек сиңирген ишкерлерге” өзгөчө макам жана кызматтык паспорт берилет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 1-июлда салык кызматкерлеринин күнүнө карата иш-чарада сүйлөп жатып билдирди. Мындай чечим өлкөдөгү ишкерлердин статусун жана беделин жогорулатуу үчүн чыгарылганын белгиледи.

Жарлыкка ылайык, “Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген ишкери” наамын алган ишкерлерге кызматтык паспорт берилип, алар аэропорттордо VIP-залдар, расмий делегациялар жана бизнес залдарда тейленет. Алар ошондой эле президенттин чет өлкөгө болчу иш сапарларында мамлекеттик жана расмий делегациянын курамына кирет.

Президент өлкөдөгү көмүскө экономиканы жоюу үчүн фискалдык тармактагы реформалар аягына чыгып, электрондук эсеп фактуралар, товардык транспорттук коштомо кагаздар, ККМ онлайн, товарларды маркалоо, май куйган жайларды башкаруунун автоматташтырылган системасы, жыйынды пост сыяктуу демилгелер толук ишке ашуусу зарыл экенин белгиледи.

Мамлекет башчы 2021-жылы 105 млрд. сом салык жыйналганын, быйыл болжол 155 млрд. сом салык топтолору күтүлүп жатканын айтты. Кыргызстанда жалпысынан 700 миң салык төлөөчү болсо, жыйналган салыктын 80 пайызын үч миң салык төлөөчү түзөт.

Жаңы Салык кодексине ылайык, өлкө аймагындагы соода-сатык, жумуш аткаруу, тейлөө субъектилери накталай жана накталай эмес эсептешүүдө милдеттүү түрдө ККМ колдонушу керек. Мындай талап 1-августтан тартып коюла баштайт.

Бир катар ири базарларда иштеген соодагерлер буга карата нааразылыгын билдирип, митинг-пикет өткөрүп келе жатышат. Алар ККМ колдонсо товарын кымбаттатууга мажбур болорун айтууда. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG