Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Август, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:11

Көл жээгинде жапырт мушташка себепкер болгон жаран эки айга камалды


Иллюстрациялык сүрөт

Облустук ички иштер башкармалыгы 29-июнда Ысык-Көлдүн жээгинде 18 адам катышкан жапырт мушташка себепкер болгон 34 жаштагы М.Э. райондук соттун чечими 20-июлга чейин камакка алынганын кабарлады.

Башкармалыктын "Азаттык" радиосуна кабарлашынча, көл жээгиндеги "Радуга" пансионатынын пляжындагы жапырт мушташ боюнча Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин (“Ээн баштык”) негизинде кылмыш иши козголгон.

“Алгачкы тергөө амалдарынын жүрүшүндө мушташка 11 жарандын түздөн-түз тиешеси бар экени аныкталган, анын ичинен үчөө эс алуучу, сегизи пансионаттын коопсуздук кызматында иштейт”, - деп айтылган милиция тараткан малыматта.

29-июнда Ысык-Көлдүн жээгиндеги “Радуга” пансионатынын пляжында калайман мушташ боюнча 18 адам кармалып, сурак берип жатканы кабарланган.

Жапырт мушташ тартылган тасма буга чейин социалдык тармактарда тарап, кармалгандардын жакындары комментарий берген эмес. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG