Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:31

Укук коргоочулар: Иранда он айыпталуучу жашыруун дарга асылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ирандагы адам укуктарынын абалына байкоо салып келген норвегиялык уюм 29-июнда Караж шаарынын түрмөсүндө он адам жапырт дарга асылганын билдирди.

Iran Human Rights уюмунун 30-июнда тараткан билдирүүсүнө ылайык, дарга асылгандардын сегизи адам өлүмү, экөө зордуктоо үчүн кесилгендер болгон.

Маалыматка караганда, июндун соңуна чейин эле Иранда 239 кишинин башы алынган. Акыркы айда күнүнө үч кишинин өмүрү кыйылып турган.

Укук коргоочулардын пикиринде, Иранда дарга асуулардын 85% жашыруун, коомго жарыяланбастан жүргүзүлөт.

Iran Human Rights уюмунун директору Махмуд Амири-Могхаддам «Азаттыктын» иран кызматына билдиргендей, май айында өлкөдө каатчылыкка каршы жапырт акциялар башталган маалда түрмөдөгү 50 айыпталуучунун башы алынган.

«Ирандагы адам укуктары» уюму чогулткан маалыматтар көрсөткөндөй, 2021-жылы дарга асылгандардын 21% белужилер түзгөн. "Болгону 2-6% иран улутундагылар" экени баяндамада жазылат. Белужи азчылыгы Иран калкынын 2% же 1,48 миллион адамды түзөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG