Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:39

Казакстан Африка мамлекеттерине тынчтыкты орнотуучу күчтөрүн жиберет


Индиядан кайткан казакстандык аскерлер. 14-апрель, 2018-жыл.
Индиядан кайткан казакстандык аскерлер. 14-апрель, 2018-жыл.

Казакстандын парламенти Улуттар Уюмунун тынчтык орнотуучу миссияларындагы казакстандык аскерлерлин санын кеңейтүү тууралуу президенттин сунушун жактырды.

Ага ылайык, Казакстанын куралдуу күчтөрү БУУнун Түштүк Африка республикасы, Мали, Конго жана Ливандагы миссияларына катыша алышат.

Коргоо министри Руслан Жаксылыков билдиргендей, буга чейин деле Казакстандын аскерлери тынчтыкты жана коопсуздукту камсыздоо боюнча эл аралык милдеттенмелерин аткаруу максатында ар кандай миссияларга катышып келишкен.

«Эл аралык кырдаалдын оорлошуп жатканына байланыштуу Казакстандын президенти аталган төрт мамлекеттеги БУУнун тынчтык орнотуучу миссияларындагы казакстандык аскерлердин көбөйтүүнү туура көрөт", - деди Жаксылыков. Анын айтымында, миссияга катышкандардын айлыгы үч эсе жогору болот.

Министрликтин маалыматына ылайык, 2014-жылдан бери 45 казакстандык офицер БУУнун Батыш Сахара, Кот-д Ивуар жана Ливандагы миссияларына аскер байкоочулары катары катышып келишкен.

Ал эми 2018-жылдан бери 520 казакстандык аскер «Ливандагы БУУнун убактылуу күчтөрүнүн» катарында кызмат өтөп келишет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG