Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:44

"Чебурашканын атасы" деген атка конгон Леонид Шварцман дүйнөдөн өттү


"Чебурашка жана крокодил Гена" мультфильминин каарманы - Чебурашка.
"Чебурашка жана крокодил Гена" мультфильминин каарманы - Чебурашка.

Совет анимациясынын классиги, мультипликатор Леонид Шварцман 101 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу ТАССка "Союзмультфильм" студиясынын шеф-редактору Сергей Капков кабар берген.

Шварцман 1975-жылдан тартып "Союзмультфильм" студиясында режиссер болуп иштеген. "38 тоту куш", "Чебурашка", "Гав аттуу мыймый" жана башка ондогон мультфильмдерди тарткан.

Көптөгөн балдар журналдарынын жана китептеринин иллюстрациялык автору болгон. Жүздөгөн анимациялык тасмаларды кошо тартышкан.

Ал 1920-жылы Минск шаарында туулган. 1941-жылы Ленинграддагы живопись, скульптура жана архитектура институтунун алдындагы мектепти аяктаган. Кийинчерээк Бүткүл союздук көркөм кинематография институтун аяктаган.

Орусиянын Эл сүрөтчүсү, Одри Хепберн атындагы балдар фондунун "Голливуд-балдарга" сыйлыгын алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG