Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:19

Токмок: "карындашын коргоп, адам өлтүрдү" деп шектелген тургун эки айга камалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүйдө адам өлтүрүүгө шектелип жаткан Сухраб Жумакулов эки айга камакка алынды. Бул тууралуу анын адвокаты Эркин Ирискулбеков билдирип, шектүүнүн бөгөт чарасы тууралуу чечим Чүй райондук сотунда 3-июлда чыкканын айтты.

Жумакулов 29-августка чейин камакка алынганын билдирген жактоочу соттун бул чечимин мыйзамсыз деп атап, ал мыйзам бузуу менен кабыл алынганын, апелляциялык арыз берилерин маалымдады.

“Биринчиден, бөгөт чарасын аныктоонун 48 сааттык процессуалдык мөөнөтү өтүп кеткен. Бул жерде “Жазык-процессуалдык кодекстин” нормалары одоно бузулган. Экинчиден, сот жеңилирээк бөгөт чарасын аныктаса болмок. Себеби Сухраб Жумакулов мурда эч качан жоопко тартылган эмес, соттолгон эмес, жүрүм-туруму моралдык жактан таза адам. Анын туруктуу жашаган жери аныкталган. Качып кетет же тергөөгө тоскоолдук жаратат деген далилдер келтирилген жок”, - деди Ирискулбеков.

Чүйдө милиция автожолдо тапанчадан атылган октон адам каза болгон окуянын чоо-жайын териштире баштаганын облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы 1-июлда билдирип, окуя ошол күнү Бишкек–Торугарт автожолунун 69-чакырымында болгонун, 47 жаштагы эркек киши “Тез жардам” барганча көз жумганын маалымдаган.

Милициянын версиясы боюнча, эртең менен Токмок шаарында 33 жаштагы келин бараткан жерине жетип алуу үчүн аялдамага чыгып, жолдогу машиналардын бирине отурган. Машинанын айдоочусу ыдык көрсөткөнүнөн ал агасына телефон чалып, башка машинага түшүп кеткен, бирок айдоочу артынан барып, күч колдонуп, чачынан сүйрөп, аны сыртка чыгарууга аракет кылган. Ошол учурда келиндин агасы барып калып, ок чыгарган.

Факт Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренесинин негизинде каттоого алынган.

36 жаштагы шектүү Сухраб Жумакулов алгач Токмок шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Бөгөт чарасы аныкталгандан кийин ал Бишкектеги №1 тергөө абагында кармала турган болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG