Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Август, 2022 шейшемби, Бишкек убактысы 12:48

Курман айт күнү 8 миңдей милиционер күчөтүлгөн тартипте иштейт


Иллюстрациялык сүрөт.

Курман айт күнү, 9-июлда Кыргызстандын аймагында 8 миңге жакын милиция кызматкери күчөтүлгөн тартипте иштейт. Бул тууралуу 4-июлда Ички иштер министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, коомдук тартипти жана адамдардын коопсуздугун камсыздоо, укук тартибин бузууларды жана кылмыштуулукту алдын алуу, өздүк курам арасында мыйзам бузууга жол бербөө максатында милиция күчөтүлгөн тартипте иштейт.

8 миң милиционерден тышкары жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоочу 1300гө жакын кызматкер тартылып, алар 1100дөй атайын постто иштешет.

Быйыл Кыргызстанда 9-июлдагы ишемби күн Курман айт майрамы дем жарыяланды. Бул күн дем алышка туш келгенине байланыштуу 11-июль – дүйшөмбү да эс алуу күнү болот.

Айт күнү бардык мечиттерде айт намазы окулуп, миңдеген адамдар чогулат.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу соңку эки жылда айт намазы борбордук мечиттерде окулбай келген. Ошондон бери алгачкы жолу быйыл Орозо айт намазына байланыштуу негизги иш-чара Бишкектин Эски аянтында уюштурулуп, ага 35 миңдей адам чогулду. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG