Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:07

Өзбек парламенти Каракалпакстандын суверендүүлүгүн сактап калууну чечти


Өзбек парламентинин имараты.
Өзбек парламентинин имараты.

Жыйырмага чукул адамдын өмүрүн алган жапырт башаламандыктардан кийин Өзбекстандын парламенти Конституциянын жаңы долбоорунда Каракалпакстандын суверендүү макамын өзгөртүүсүз калтырууну колдоду. Бул тууралуу 4-июлда парламенттин маалымат кызматы билдирди.

"Өзбекстандын президенти Каракалпакстандын Жогорку Кеңешинин депутаттары жана коом өкүлдөрү менен жолугушканда, баардык сунуштарды эске алуу керек экенин белгилеген. Тактап айтканда, Өзбекстан республикасынын 70, 71, 72, 74 жана 75-беренелери өзгөртүүсүз калат",-деп жазылат билдирүүдө.

Каракалпакстанда нааразылык акцияларынын тутанышына Конституциянын жаңы редакциясынын коомдук талкууга чыгышы түрткү болду.

Азыркы Баш мыйзамда Каракалпакстан Өзбекстандын курамына кирген "суверендүү республика" деп мүнөздөлгөн. Анын макамы Өзбекстан тарабынан корголору жазылган. Бирок жаңы сунушталган конституциялык өзгөртүүлөрдүн долбоорунан бул мүнөздөмөлөр алынган.

1-2-июль күндөрү бул өзгөртүүлөргө каршы республиканын борбору Нукуста миңдеген адамдын катышуусунда жапырт акциялар өттү. Алардын айрымдарында митингге чыккандар күч менен таратылганын көрүүгө болот.

Кээ бир тасмаларда күч кызматкерлери курал колдонуп жатканы да чагылдырылган. Бирок бул кадрлар канчалык реалдуу экенин бышыктоо мүмкүн эмес.

4-июлда Башкы прокуратура тополоңдо 18 киши мерт кеткенин билдирди. Жарадарлардын саны 200дөн ашты. Айрым маалыматтарга караганда, миңден ашуун адам жабыркаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG