Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:42

Талибдерге жасалган кол салууда эки киши мерт кетти


"Талибандын" өкүлдөрү.
"Талибандын" өкүлдөрү.

Ооганстандын батышындагы Герат шаарында согушкерлер "Талибан" өкмөтүнүн Коргоо министрлигине караштуу машинеге кол салып, кеминде эки киши мерт кетти. Жыйырмадай адам жараат алды. Бул тууралуу «Азаттыктын» ооган кызматына жергиликтүү ооруканадан кабарлашты.

Машинеде "Талибан" кыймылынын 207-аскердик бөлүгүнүн кызматкерлери болгон.

Айрым маалымат каражаттары кол салуулар шаардын ар кайсы бөлүгүндө болгонун жазышты. Бирок бийлик бир гана чабуул болгонун ырастады.

Талибдердин расмий өкүлү «Азаттыкка» билдиргендей, кол салган эки адамдын бири жок кылынды. Ал эми экинчиси окуя болгон жерден качып кетүүгө үлгүргөн. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти азырынча эч ким ала элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG