Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:29

Дача СУ: комиссия элден чогулган акчанын чоо-жайын иликтейт


Дача СУ. 2017-жыл, 16-январь. Кырсык болгон жерде тартылган сүрөт.
Дача СУ. 2017-жыл, 16-январь. Кырсык болгон жерде тартылган сүрөт.

Дача СУ каргашасын иликтеген коомдук комиссия элден чогулган каражаттын бөлүнүшүн жана сарпталышын дагы иликтейт. Бул тууралуу “Азаттыкка” комиссия жетекчисинин орун басары Мавлян Аскарбеков маалымдады.

“Чогулган акча кандай бөлүнгөн, ошону тактайбыз. Жабырлануучуларга канча акча кенемте катары берилген. Бул ачык маалымат болушу керек”, - деди Аскарбеков.

Анын айтымында, комиссия октябрь айына чейин иштейт. Алар ар бейшемби жыйынга чогулуп жатышат. Өткөн бейшембиде мурунку транспорт прокуратурасынын имаратында кырсыкта күйүп кеткен 80 тоннадан ашык жүктөн калган 600 килограмм жүк менен таанышкан. Ал телефон жана ар кандай буюмдар болгон.

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен түзүлгөн коомдук комиссия 12-майда алгачкы жыйынга чогулган жана анда ишин уюштурууга байланыштуу маселелер талкууланып, такталган. Коомдук комиссияга парламенттин мурунку депутаты Алмамбет Шыкмаматов төрага болгон.

Кырсыктан кийин элден чогулган 102 миллион сомдон ашуун каражат жабыркагандарга таратылган. Мындан сырткары түркиялык компания дагы кенемте төлөп берген. Жабыркагандардын суранычы менен акча алгандардын суммасы айтылбай келет.

Мындан беш жыл мурда Бишкектин четинде, "Манас" эл аралык аба майданынын жанындагы Дача СУ конушуна Гонконгдон Стамбулду көздөй бараткан түркиялык АСТ Airlines компаниясына таандык Boeing үлгүсүндөгү жүк ташыган учак кулап түшкөн. Анда 85 тоннадан ашык жүк болгон.

Каргашада 35 жергиликтүү тургун (алардын 17си бала) жана төрт учкуч каза тапкан. Кырсыктык алгачкы күнүнөн тартып эле каргашанын себеби, учактагы жүктүн ээси, адамдарды куткаруудагы аракеттерге байланыштуу бир топ суроо жаралган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG