Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:28

Нарындын мурдагы губернаторунун камалганы белгилүү болду


Адылбек Эсенбеков.
Адылбек Эсенбеков.

Нарын облусунун мурдагы губернатору Адылбек Эсенбеков июнь айынан бери камакта отурат. Бул маалыматты облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы "Азаттыкка" ырастады.

Маалыматка ылайык, ал Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси («Ден соолукка оор залал келтирүү») боюнча шек саналып кармалып, Жазаларды аткаруу кызматынын облустагы тергөө абагына киргизилген.

Милиция окуянын чоо-жайын кенен маалымдаган жок. Эсенбековдун жакындары, жактоочулары менен байланышууга мүмкүнчүлүк болбоду.

Адылбек Эсенбеков 2010-жылдагы Апрель окуясынан кийин Нарында «элдик губернатор» болуп бир нече ай иштеген. Кийин ал Нарын райондук суу чарба департаментин башкарган. Нарындагы саясий-коомдук окуяларга активдүү катышып келет. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG