Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:01

Пакистандагы суу ташкында кеминде 18 киши каза болду


Кветта шаары катуу шамалдан кийин. 4-июль 2022-жыл
Кветта шаары катуу шамалдан кийин. 4-июль 2022-жыл

Пакистандын Балучистан аймагында катуу нөшөр жаандан кийинки ташкын бери дегенде 18 кишинин өмүрүн кыйды, бир тобу жараланды. 6-июлда жергиликтүү Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы Кветта шаарында чукул кырдаал жарыялады. Ал жерде кеминде тогуз киши каза болду.

Балучистандын алыскы райондорунда көп киши дайынсыз болуп жаткандыктан, курмандыктар мындан көп болушу мүмкүн деген коркунуч бар. Жаан-чачын 4-июлда башталып, азыркыга чейин токтобой жатат.

Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын жетекчиси Насир Ахмед Насардын айтымында, жүздөгөн турак үй зыянга учурады, элдин мал-жандыгы кырылды. Куткаруучулар өз ишин улантууда.

Маалыматка караганда, жаан-чачын бир нече райондо 7-июлда да жаайт.

Жыл сайын Пакистанда сезондук муссон жамгыры селге, адам өмүрлөрүнүн кыйылышына алып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG