Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:34

УКМК “Хизб ут-Тахрир” уюмунун алты мүчөсү соттолгонун билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Баткендин Кызыл-Кыя шаардык соту 5-июлда “Хизб ут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун мүчөсү деген айып менен алты кишини 1,6 жылдан алты жылга чейин эркинен ажыратты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы маалымдады.

Атайын кызматтын билдирүүсүндө алар экстремисттик уюмга тартуу, үгүттөө менен алектенишкени айтылат. Кыргызстанда уюмдун мүчөлөрүнүн так саны белгисиз.

Атайын кызмат маал-маалы менен “Хизб ут-Тахрирдин” мүчөлөрү кармалганы жөнүндө маалымдап келет.

Кыргызстан 20га жакын уюмду деструктивдүү, экстремисттик жана террористтик уюм катары таанып, алардын ишмердигине тыюу салганы мурда маалымдалган.

Алардын катарында “Хизб ут-Тахрир” да бар. Бул уюм соттун чечими менен диний-экстремисттик уюм деп 2003-жылы таанылган жана анын өлкө аймагында иш жүргүзүшүнө тыюу салынган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG