Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:37

Сузакта топурак карьерин иштетүүгө каршы митинг өттү


Кызыл-Туу айылында топурак карьеринин иштетилишине каршы акция өттү. 2022-жылдын 6-июлу.
Кызыл-Туу айылында топурак карьеринин иштетилишине каршы акция өттү. 2022-жылдын 6-июлу.

Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Кызыл-Туу айылында бүгүн, 6-июлда нааразылык акциясынан кийин топурак карьерин иштетүү токтотулганын айыл аймагынын башчысы Майсалбек Өмүрзаков билдирди:

"Ишкер бул жерди жер ээлеринин макулдугу менен алып, топурагын казып жатканын айтууда. Ал 2017-жылы лицензия алган. Карьер боюнча бир топ жылдан бери талаш жүрүүдө. Ишкер документтерин толук бүтүргөн эмес. Эми бардык документтерин бизге алып келгенге чейин ишин токтотуп турабыз".

Бүгүнкү митингге чогулган 100дөн ашуун жергиликтүү тургун карьерден казылган топуракты ташып жаткан "КАМАЗ"дардын жолун бууп, анын ишин токтотууну талап кылышты. Алар менен жеке ишкер өзү жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жолукту.

Беш гектардан ашуун жерден топурак 2014-жылдан бери казылууда. Бүгүнкү акцияда маалым болгондой, 22 адам "топурак алынып бүткөндөн кийин жерди тегиздеп, кайра ээлерине кайтарып берет" деген шарт менен тилкелерин ишкерге өткөрүп беришкен. Бирок мөөнөтү көрсөтүлгөн келишим түзүшкөн эмес.

Бүгүн алар топурак алынып бүтсө да ишкер жерди түздөп берүү убадасын аткарбай жатканын айтышты. Алар менен чогуу коңшу тилкелердин ээлери да чыгып, карьер алардын да жерине өтүп кеткенин билдиришти.

Жеке ишкер Бактыяр Шерматов бул карьер мыйзамдуу негизде иштеп жатканын айтып келүүдө. Ал буга чейин шаардык кеңештин депутаты болгон. 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо "Мекеним Кыргызстан" партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койгон. (TB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG