Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:21

Орусия менен Беларуска каршы спорт санкцияларын күчөтүү сунушталды


Бундеслиганын матчы учурунда. 26-февраль, 2022-жыл
Бундеслиганын матчы учурунда. 26-февраль, 2022-жыл

АКШ жана дагы 34 өлкө Орусия менен Беларуска каршы спорт жаатындагы санкцияларды күчөтүү тууралуу билдирүүгө кол койду. Алар эл аралык федерацияларды ал эки өлкөнүн улуттук спорт органдары менен кызматташуусун токтотууну, эл аралык спорт федерацияларындагы чоң кызматтардан орус жана беларус бийлиги менен байланышы бар адамдарды алууну сунуш кылууда.

Андан тышкары эл аралык спорт мелдештерин сөз болгон өлкөлөрдө көрсөтпөө мүмкүнчүлүгүн караштыруу пункту камтылган.

Билдирүү авторлору орусиялык жана беларус атлеттерине турнирлерге катышуу уруксаты берилсе, алар нейтралдуу желек астында мелдешүүгө тийиш деп эсептешет.

Москва Украинага басып киргенден кийин Эл аралык Олимпиада комитетинин кеңеши менен бир катар эл аралык спорт федерациялары орусиялыктарды жарыштарга катыштырбай калган.

Хоккей, футбол, көркөм муз тебүү, жеңил атлетикадан алар толугу менен четтетилген. Айрым түрлөрдө нейтралдуу макам менен катышып келатышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG