Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:34

Орусия Украинанын чыгышындагы чабуулун күчөттү


Украина. Славянск.
Украина. Славянск.

Донецк облустук аскердик администрациясынын жетекчилиги Украинанын чыгышында калган жайкын тургундарды тез арада коопсуз аймактарга кетүүгө чакырууда.

Ал жактагы бир нече шаарда жана Украинанын башка аймактарында да орус армиясынын чабуулу күчөгөндүктөн, администрация башчысы Павел Кириленко эвакуация жайкын тургундардын өмүрүн сактап калуу жана украин аскерлерине Орусиядан коргонуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн керек болуп жатканын билдирди.

Анын айтымында, азыркы тапта Донецкиде 350 миңдей жайкын тургун бар.

Кириленко белгилегендей, аймак жайкын тургундардан бошосо, украин аскерлерине баскынчыларга каршы аракеттерин жакшыртууга шарт түзүлөт.

Украин президенти Владимир Зеленский 6-июлга караган түндөгү видео кайрылуусунда өлкөнүн дээрлик бардык аймактарында аба айгайы жарыяланганын айтты.

Ушу тапта Орусия Краматорск жана Славянск шаарларын бутага алууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG