Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:36

“Манас айылын” жаңылоо сынагына 14 архитектуралык долбоор сунушталды


Сынакка түшкөн долбоорлорду ачык көргөзмөдөн көрсө болот.
Сынакка түшкөн долбоорлорду ачык көргөзмөдөн көрсө болот.

“Манас айылын” реконструкциялоонун мыкты эскизине жарыяланган ачык архитектуралык сынакка долбоорлорду кабыл алуу аяктаганын 6-июлда «Бишкекбашкыархитектура» башкармалыгы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, сынакка 14 долбоор сунуш кылынды.

Аларды каалоочулар «Бишкекбашкыархитектура» мекемесинде уюштурулган ачык көргөзмөдөн көрө алышат.

6-июнда жарыяланган сынакка түшкөн архитектуралык долбоорлор боюнча коомдук талкуу эки күн уланып, калыстар тобунун бүтүмү 8-июлда чыгарылат.

Президент Садыр Жапаров 25-апрелде "Кабар" улуттук маалымат агенттигине курган маегинде "Манас айылы” жаңыланарын айткан жана ал жер эч кимге берилбей турганын, анын жаңы "Ак үй" менен болгон чеги иретке келтирилип жатканын маалымдаган.

Бишкек шаардык мэриясынын балансындагы "Манас" этно-комплекси "Бишкек" эркин экономикалык аймагы" башкы дирекциясынын балансына 1998-жылы өткөрүлгөн. Реконструкциялоо иштерин жүргүзүү маселеси мындан мурда да бир нече ирет көтөрүлгөн. Буга байланыштуу сынак да жарыяланган, анын жыйынтыгы эмне болгону кабарланган эмес. Тогуз гектарга жакын аянттагы комплекс 1995-жылы "Манас" эпосунун 1000 жылдыгына карата курулган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG