Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:20

БУУ Каракалпакстандагы кан төгүүнү көз карандысыз иликтөөгө чакырды


Нукус шаары. 3-июль, 2022-жыл
Нукус шаары. 3-июль, 2022-жыл

БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Мишель Бачелет Каракалпакстандагы нааразылык акциялары учурунда кеминде 18 кишинин каза тапканын көз карандысыз иликтөөгө чакырды.

"Нааразылык митингдери учурунда адам өлүмү менен коштолгон олуттуу зордук-зомбулук тууралуу кабарлар бизди абдан тынчсыздандырат. Бийликти мүмкүн болушунча карманууга чакырам", - деп айтылат 5-июлдагы билдирүүдө.

Бачелет ачык, көз карандысыз иликтөөнүн жүрүшүндө кылмышка жол берилгени, анын ичинде мамлекет өкүлдөрү тарабынан мыйзам бузуулар тууралуу маалыматтарды текшерүү керектигин белгиледи.

Өз тарабынан АКШ камтамасын билдирип, тараптарды зомбулуктан карманууга, чыңалууну “тынч жолдор менен” жөнгө салууга үндөдү.

4-июлда Евробиримдик Каракалпакстандагы адам өмүрүн алган окуяларды көз карандысыз иликтөөгө чакырган.

Анын алдында Өзбекстан бийлиги Каракалпакстан автономдуу жумуриятынын борбору Нукуста демонстранттар менен күч түзүмдөрү кагылышкнда 18 киши каза тапканын билдирген. Маалыматка караганда, 243 киши жарадар болгон. Алардын 38и тартип коргоо кызматкерлери. 516 киши кармалган, кийин бир нечесин кое беришкен.

Нааразылык конституциялык өзгөртүүлөргө каршы тутанган. Жаңы сунушталган долбоордо Каракалпакстан Өзбекстандын курамындагы "суверендүү республика" деген макамы алынган эле.

Тополоңдон кийин өзбек парламенти Конституциянын жаңы долбоорунда Каракалпакстандын суверендүү макамын өзгөртүүсүз калтырууну колдоду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG