Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:47

Төө-Ашуудагы тоннел маал-маалы менен жабылып турат


Кусеин Көлбаев атындагы тоннел. "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынын сүрөтү.
Кусеин Көлбаев атындагы тоннел. "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынын сүрөтү.

Бишкек-Ош автожолунда (Төө-Ашуу) Кусеин Көлбаев атындагы тоннелде күйүп кеткен электр зымдарын алмаштыруу иштеринен улам 6-июлдан 8-июлга чейин маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кабарлады.

5-июлдун кечинде тоннелдин ичинде автоунаа өрттөнүп, анын эки тарабы тең убактылуу жабылып, кийин ачылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине (ӨКМ) тоннелдин ичинде автоунаа өрттөнүп кеткени тууралуу маалымат кечки саат 16:30га чукул түшкөн. "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасы өрттөнүп кеткен Lexus 470 автоунаасында эки адам болгонун, алар аман-эсен коопсуз жайга чыгарылганын билдирген. Маалыматта машиненин өрттөнүп кетишине ага жакында эле орнотулган газ жабдыгы себеп болушу мүмкүн экени айтылган.

Кусеин Көлбаев атындагы тоннел - Бишкек-Ош жолундагы жана жалпы эле Кыргызстандагы тоо тешкен тоннелдердин эң узуну. Анын узундугу үч чакырымга жакын. Ал деңиз деңгээлинен 3200 метр бийиктикте жайгашкан.

Тоннелдин курулушу 1957-жылы башталып, 1964-жылы аяктаган. 1999-жылы Түштүк Кореянын “Самсунг” компаниясы аны реконструкциялаган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG