Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:06

Украинада Коммунисттик партияга тыюу салынды


Коммунисттик партиянын борбордук комитетинин кеңсесинин алдындагы демонстрация. Киев, 25-август, 1991-жыл. Иллюстрациляк сүрөт
Коммунисттик партиянын борбордук комитетинин кеңсесинин алдындагы демонстрация. Киев, 25-август, 1991-жыл. Иллюстрациляк сүрөт

Львовдун апелляциялык административдик соту шейшембиде Украинанын Коммунисттик партиясынын ишмердигине тыюу салды. Доо арыз менен өлкөнүн Юстиция министрлиги кайрылган. Орусия кол салгандан бери Украинада ушуну менен 15 партияга тыюу салынды. Өлкө эгемендик алган алгачкы жылдары коммунисттер эң кубаттуу саясий күч болуп келген. Төрагасы Петр Симоненко 1999-жылы атүгүл президенттик шайлоонун экинчи айлампасына чыгып, Леонид Кучмага утулуп калган.

Коммунисттик партиянын фракциясы 2014-жылга чейин парламентке кирчү. Ал жылы Майдан жеңгенден кийин партия шайлоодо ийгиликке жете алган эмес. Бир нече мүчөсү Донбасстагы жикчилдерди колдогон.

2015-жылы сот партияга тыюу салганы менен чечим мыйзамдуу күчүнө кире элек болчу.

Орусия басып киргенден кийин Украинада москвачыл деген бир нече партияга, анын ичинде парламентте фракциялары бар “Оппозициялык блокко”, “Жашоо үчүн оппозициялык платформага” тыюу салынды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG