Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Август, 2022 шаршемби, Бишкек убактысы 14:23

Казакстандын Тенгиз кенинде куур жарылып, эки киши каза тапты


Актау шаары. Иллюстрациялык сүрөт

Казакстандын Тенгиз кенинде куур жарылганда эки киши каза тапты, үч жумушчу жарадар болду. Бул тууралуу 6-июлда Атырау полициясы кабарлады. Маалыматка караганда, окуя шаршембиде эртең мененки саат ондо Жылыой районунда болгон.

Дагы бир булактар мунай жана газ кенинде түтүктү сыноо учурунда ал атмосфералык чоң басымдан жарылып кеткенин билдиришти. Полиция иликтөө башталганын маалымдады.

Жылыой району Атырау облусунда, Каспий деңизинин түндүк-чыгыш ыптасында орун алган. Ал жер жаратылыш газына жана мунайга бай. Тенгиз кениндеги мунайдын запастары 3,2 миллиард тоннага бааланып келет. Кенди 1993-жылдан бери "Тенгизшевройл" биргелешкен ишкана иштетип келатат. Анын курамына Chevron, ExxonMobil Kazakhstan Ventures Inc, Казакстандын улуттук «КазМунайГаз» компаниясы жана LUKArco кирет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG