Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:00

ОПЕКтин баш катчысы Мохаммед Баркиндо каза болду


Мохаммед Баркиндо. Архивдик сүрөт
Мохаммед Баркиндо. Архивдик сүрөт

Мунай экспортерлорунун уюму – ОПЕКтин баш катчысы Мохаммед Баркиндо 63 жашында каза болду. Бул тууралуу Нигериянын Улуттук мунай корпорациясынын жетекчиси Меле Кьяри Твиттерге жазды. Өлүмдүн себеби такталган жок.

Маркум 5-июлда Нигериянын президенти менен жолугуп, Абужадагы конференцияга катышканы маалым.

Баркиндо ОПЕКте 1986-жылдан бери Нигериянын өкүлү болуп иштечү. 2016-жылдын августунда баш катчылыкка дайындалган. Анын кызмат мөөнөтү ушул 31-июлда соңуна чыкмак. Картелдин жаңы баш катчысы болуп кувейттик Хайсам аль-Гайса шайланган.

Орусия Украинага кол салып, Москвага каршы санкциялар киргизилгенден кийин Баркиндо ОПЕК орус экспортунун ордун толтура албасын айтып келген. Ошондой эле жазалоочу чаралар мунай рыногунда ири маселелерге алып келерин эскерткен.

31-майда Еврошаркет кабыл алган санциялардын жаңы пакетинде Орусиянын мунайына жарым-жартылай тыюу салынган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG